Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Мөмө берүүчү бактардын, бадалдардын желе турган мөмөсү. Жемиши чексиз, кени көп, Түштүгүм, сендей жер кайда! (Токомбаев). Жол боюнда өскөн дарактардын жемиштери эчак бышкан (Баялинов). Жер жемиштин жыты буруксуйт (Бейшеналиев). 2. өт. Кандайдыр бир нерсенин ийгилиги, жакшы натыйжасы. Техника – акыл, билимдин жеңиши, Катуу тарткан мээнеттин жемиши таттуу болот. Кыргыз спортчуларынын мелдеши эң сонун жемиштерди берип жатат («Агым»).